Европарламент Мароккого тилектештик билдирди

Роберта Метсола, Европа парламентинин төрайымы.

Европа парламенти Мароккодогу жер титирөөнүн курмандыктарын эскерди. Франциянын Страсбург шаарындагы сессияда төрайым Роберта Метсола Марокко парламентине тилектештик билдирип, Европа Марракешке жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Мароккодо 9-сентябрга караган түнкү катуу жер титирөөдө өлгөндөрдүн саны акыркы эсептерге караганда 3000ге жакындады. Дагы 5000ден ашуун адам жараат алган.

Очогунда күчү жети баллдан ашкан силкинүүдө эң көп жоготууларга Ал-Хауз чөлкөмү учурады. Андан 70 чакырым алыстагы баш калаа Марракеште чет элдиктер көп барган тарыхый район дагы жабыркады. Айрыкча тоолуу айылдарда кыйроолор көп.

Мароккого Испания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Британия куткаруучулар менен кошо гуманитардык жардам жөнөткөн. Көмөк көрсөтүү ниетин билдиргендердин арасында Франция, АКШ, Израил сыяктуу мамлекеттер дагы бар.

Дагы караңыз

"Балам таш-топурак алдында калды". Марокко аза күтүп жататМарокко: Тоо койнунда кыйраган шаар-кыштактарЭл үйүнө кайтуудан чочулап турат. Мароккодогу катуу зилзаланын кесепети Мароккодо үч күндүк аза күтүү жарыяланды