Орусияда беш жашар кызды өлтүргөн киши өмүрүнүн аягына чейин кесилди

Александр Семин сот залында. Архив.

Орусияда Кассациялык сот тажик мигрантынын 5 жаштагы кызы Хувайдо Тиллозоданы зордуктоого жана өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Александр Семинди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.

Кыздын атасынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Шавкатжон Умаров соттун өкүмү 13-сентябрда чыкканын "Озоди" радиосуна билдирди.

Москва облусунун соту быйыл мартта Семинди 24 жылга кескен. Маркумдун ата-энеси катаал жаза колдонууну сурап, кассациялык сотко даттанган.

2018-жылдын 18-июлунда кызды Москванын четиндеги Серпухов шаарында короосунда ойноп жүргөн жеринен уурдап кетишкен. Үй-бүлөсү жана ыктыярчылар аны бир күн бою издеп, сөөгүн темир жол станциясынын жанынан табышкан. Экспертиза Хувайдо зордукталгандан кийин бычакталганын аныктаган.

Кылмыш үчүн кошунасы Александр Семин кармалган.

Дагы караңыз

КМШнын маалымат саясаты - Москванын ырын ырдайбы? "Кемпир-Абад иши": Абактагылар басымга кабылып жатканын айтышты Экология жаштарга эле керекпи?