Казактар "Камызякинин" концерттерин токтотту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда орусиялык Азамат Мусагалиев жетектеген «Камызяки" тобунун концертине тыюу салынды. Буга чейин топтун Астана менен Алматыда белгиленген концерттерине каршы он миңдеген киши кол топтогон. Соцтармактарда "Украинага каршы агрессияны колдогон адамдарды көргүбүз келбейт" деген пикирлер пайда болду. Ошол эле маалда бул "көрүүчүлөрдүн өз эрки" деген көз караштагылар да бар.