Президент Жапаров баштаган делегация Дүйшөмбүгө учуп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров баштаган делегация Дүйшөмбүдө өтө турган Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз делегациянын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев жана энергетика министри Таалайбек Ибраев бар.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөй турганы айтылган.

14-15-сентябрда Дүйшөмбүдө Борбор Азияда кара жол менен каттаган транспорт тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу келишимге кол коюлары кабарланды. Тажик тараптын маалыматына караганда, келишим аймактагы өлкөлөрдүн транспорт жана логистика жаатындагы байланыштарын бекемдөөгө, эл аралык жүк ташуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө, транспорттук тейлөө рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө багытталат.

Сапар алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жапаров менен Рахмон быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде жолуккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.

Кыргыз- тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяларда эки тараптан тең бир катар айылдар талкаланып, өрттөлгөн, ондогон киши каза тапкан. Кыргызстанда миңдеген тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Европарламент Эл аралык сотту Лукашенкону камакка алуу ордерин берүүгө чакырдыКыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздүОш мэриясы өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө бердиРумыниянын Украина менен чектеш аймагында дрондун сыныктары табылды