Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда өткөн жараянда прокурор журналист, Өзбекстандын Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаеваны алты жылга эркинен ажыратууну судьядан өтүндү. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу 12-сентябрда жазды.
Мирзаева "жалган жалаа жабуу" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча айыпталууда. Андан тышкары прокурор Мирзаевага журналисттик ишмердик менен алектенүүгө үч жылга тыюу салууну сурады.
Мирзаева - Kompromatuzb иши боюнча айыпталгандардын бири. Андан тышкары бул иштин алкагында тогуз киши, анын ичинен журналист, Human.uz басылмасынын жетекчиси Хуршид Далиев жана "Узбекнефтегаз" компаниясынын маалымат катчысы Сиявуш Хошимов айыпталууда.
«Озодлик» радиосу кабарлагандай алардын баарына «жалган жалаа жабуу», «опузалап акча талап кылуу», «кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин адалдаштыруу» жана «салык төлөөдөн качуу» беренелери менен айып тагылып жатат.
Тергөөнүн версиясына караганда, айыпталгандар Kompromatuzb Телеграм-каналына маалыматтарды чыгарабыз деп коркутуп, ар кимден акча алышкан.
Мавжуда Мирзаева жана башкалар быйыл январда кармалып, камалышкан. Алардын жакындары же адвокаттары коомчулукка бул тууралуу билдирүү жасаша элек.
Дагы караңыз
Лавров: Орусия менен Кытай Пхеньянга салынган санкциялардан баш тартатОш мэриясы өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздоо бөлүгү орто эсеп менен 38% жогорулайт