“Клооп” министрликтин талабын аткарбай турганын, адилетсиздикке каршы күрөшө берерин билдирди

“Клооп” басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайттагы жаңылыкты өчүрүү тууралуу талабын аткарбай турганын билдирди. Басылманын сайтына 12-сентябрда “«Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт” деген макала жарыяланды.

Анда “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт” деп айтылды.

11-сентябрда министрлик сайтты фейктер боюнча мыйзамга таянып бөгөттөө тууралуу чечимине каршы даттанууну четке каккан. Бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик аны өчүрүүнү талап кылган.

“Клооп” бийлик өкүлдөрүнүн аты аталган коррупция тууралуу макалаларды, иликтөөлөрдү жарыялап келет.

“Кыргызстандын бийлиги элден канчалык жашырганга аракет кылбасын, бул мүмкүн эмес. Биз ымалага келүү боюнча бир дагы сунушка, айрыкча жабуу жана бөгөттөө боюнча эч бир коркутуп-үркүтүүгө багынбайбыз. Кыргызстандын элин маалымат менен камсыздоонун көп жолун табабыз”, - деп белгиледи басылма.

Маданият министрлиги аларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп кайрылганын билдирген.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. (RK)