Орусиянын "Урал аба жолдору" авиакомпаниясына таандык Airbus-A320 учагы Новосибирскидеги Убинское айылында талаага авариялык конууга аргасыз болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жоктугун кабарлады.
12-сентябрда Сочиден Омскка бараткан учактагы 170 жүргүнчү, анын ичинде 23 бала трап менен эвакуацияланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, учактын гидросистемасы иштен чыгып, кыймылдаткычтарынын бири күйүп кеткен.
Тергөө комитети аба транспортун пайдаланууда коопсуздук эрежелерин жана тартибин бузган деген айып менен кылмыш ишин козгоду.
Буга чейин да "Урал аба жолдорунун" башка бир учагы иштен чыгып, Москванын четиндеги талаага конууга мажбур болгон.
Кремлдин Украинадагы согушунунан улам жарыяланган санкцияларга байланыштуу орусиялык авиакомпаниялар учактардын тетиктерин чет мамлекеттерден түз сатып ала албайт.
2022-жылы Европа биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Алардын арасында "Урал аба жолдору", "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия" жана "Ютейр" бар.
Дагы караңыз
Ливиядагы сел эки миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарлануудаКим Чен Ын түшкөн поезд Орусияга жеттиИликтөөчү журналисттер Матраимов менен Абдукадыр куда болгонун таап чыкты