Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° жылуу
болот.

Дагы караңыз

Ким Чен Ын түшкөн поезд Орусияга жеттиНовопокровкада чек арачылар үчүн көп кабаттуу үй курулдуАкылбек Жапаров КМШдагы маалымат агенттиктердин башчыларын кабыл алды Ишкер Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылды