Иран Вашингтон менен уткундарды айырбаштоо жараяны «жакынкы келечекте» ишке ашарына үмүттөнөрүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нассер Канаани 11-сентябрда билдирди.
Ал Түштүк Кореядагы жалпы суммасы алты миллиард долларды түзгөн Тегерандын камактагы активдери жакын арада бошотуларын кошумчалады. Канаани бул эки маселенин бири-бирине байланышы жок экенин баса белгилеп өттү.
«Рейтер» агенттиги өз булактарына таянып, өткөн жумада кабарлагандай Ирандын активдери Катардагы банктарга ушул аптада которулат, ошол эле маалда кош жарандыгы бар АКШнын беш атуулу Ирандан чыгарылат.
Ал эми Кошмо Штаттарда кармалып турган Ирандын беш жараны мекенине жеткирилерин "Рейтерс" жазды.
Биринчи кадам катары Иран 10-августта Американын төрт жаранын Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн үй камагына чыгарган. АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен бул кадамды кубаттаган билдирүү жасаган.
Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ) 2015-жылы түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк ишмердигин чектеп, бул үчүн экономикалык санкциялар жеңилдетилмек.
Вашингтон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран андан кийин өзүнө алган айрым милдеттенмелерден баш тарткан.
АКШ президенти Жо Байден Иран менен өзөктүк келишимди жандантууга даяр экенин билдирген, бирок анын жол картасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылы үзгүлтүккө учураган. Тегеран менен Вашингтондун азыркы сүйлөшүүлөрү Оман жана Катардын ортомчулугу менен ишке ашууда.
Дагы караңыз
Германиянын тышкы иштер министри төртүнчү ирет Киевге бардыМароккого чет элдик куткаруучулар барыштыИспания: футболчу айым Эрмосону өпкөн Луис Рубиалес отставкага кетти