Испания: футболчу айым Эрмосону өпкөн Луис Рубиалес отставкага кетти

Луис Рубиалес жана Испаниянын курама тобунун футболчулары.

Испаниянын Футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалес отставкага кетти. Мунун алдында кыз-келиндер командасынын мүчөсү Женни Эрмосону күчтөп өпкөнүнө байланыштуу ага карата прокуратура териштирүү баштаганы белгилүү болгон. Улуттук прокуратура Эрмосо Рубиалеске каршы даттанганын, өзү 5-сентябрда көрсөтмө бергенин билдирген.

Буга чейин Рубиалестин "осол жүрүм-турумун" Испаниянын Жогорку спорт соту, Эл аралык футбол федерациясы да териштирип жатканы, эми Эрмосонун даттануусу менен ага кылмыш иши да козголушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

Рубиалес Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин сүйүнгөнүнө чыдабай Эрмосону оозунан өөп алган. Буга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, өкмөттө аны жосунсуз жоругу үчүн кызматтан кетирүү талабы көтөрүлгөн.

Рубиалес кечирим сураганы менен кызматынан кетүүдөн караманча баш тартып келген.

33 жаштагы футболчу айым Эрмосо аны өпкөнгө уруксат бербегенин, Рубиалестин аракети "жакпаганын" билдирген.

20-августта өткөн аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.

Дагы караңыз

Айжигитов "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканын сынга алды Орус армиясы Кривой Рогду аткыладыМинистр электр энергиясын 5 кВт/саат чектөө тууралуу түшүндүрмө берди