Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагындагы кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 2060 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 1,62% түзөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
"Бул албетте азыраак. Бирок мен шайлоочулар добуш берүүнүн аягына чейин жарандык активдүүлүгүн көрсөтөт деп ишенем".
Шайназаровдун сөзү боюнча добуш берүүдөгү коопсуздукка, мыйзам бузууларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери байкоо салууда. Өнөктүк башталгандан бери түрдүү мыйзам бузууларга даттанып, талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрүнөн сегиз кайрылуу келип түштү.
"Мунун ичинен төрт кайрылуу добуш сатып алуу аракети боюнча, бирөө талапкердин соттуулугу жоюлбаганы жөнүндө, экөө үгүт жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар, бирөө административдик мыйзам бузуу боюнча. Булардын ичинен алты ишке карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча жыйынтык чыгарылды. Эки факт боюнча иш жүрүп жатат", - деди Шайназаров.
Бүгүн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо жүрүп жатат. Ушул тапта 51 добуш берүү участогу иштеп жатканын БШК маалымдаган.
Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у - эркек, бешөө -аялдар.
Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.
Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.
28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.(ZKo/BTo)
Дагы караңыз
МАГАТЭ Запорожье АЭСине жакын жерде жардыруулар болгонун билдирдиМароккодо үч күндүк аза күтүү жарыяланды Мароккодо аза күтүү күнү. Зилзала 2 миңден ашуун кишинин өмүрүн алдыОрусиянын Тышкы иштер министрлиги Еревандын соңку кадамын сындадыАкылбек Жапаров электр энергиясын үнөмдөөгө чакырдыДагы караңыз
МАГАТЭ Запорожье АЭСине жакын жерде жардыруулар болгонун билдирдиМароккодогу зилзаладан каза болгондор 2 миңден аштыМароккодо аза күтүү күнү. Зилзала 2 миңден ашуун кишинин өмүрүн алдыМароккодо үч күндүк аза күтүү жарыяланды Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Еревандын соңку кадамын сындадыАкылбек Жапаров электр энергиясын үнөмдөөгө чакырдыАКШ Борбор Азия менен соодадагы чектөөнү алабы?