Илон Маск Крымда Starlink байланышын өчүрүүгө буйрук бербегенин айтты

Илон Маск

Space X компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Starlink спутник байланышынын аннексияланган Крымда өчүрүлүшү тууралуу кабарларды “негизсиз” деп атады. Ал Starlink Крымда мурдатан эле иштетилген эместигин билдирди.

Маск X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө, Украина өкмөтү андан шашылыш түрдө "Севастополь багытында Starlink байланышын ишке киргизүүнү" суранганын, бирок ал макул болбогонун белгилеген.

"Максат - Кара деңиздеги орус флотун жок кылуу деп ойлогом. Эгер мен Украина өкмөтүнүн өтүнүчүн кабыл алсам, SpaceX ири аскердик операцияга жана чыр-чатактын курчушуна катышып калмак",- деп жазды Маск.

Мурдараак CNN телеканалы SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск өткөн жылы украин аскерлерине байланыш кызматтарын көрсөткөн Starlink спутнигин жабууга тымызын буйрук бергенин жана максаты украин армиясынын Севастополго багытталган дрон чабуулуна бөгөт коюу болгонун билдирген.

Телеканал бул маалыматты Уолтер Айзексондун Илон Маск тууралуу АКШда 12-сентябрда сатыкка чыга турган китебинен алганын маалымдаган.

Китептин авторунун айтымында, Маск чындап эле анын аракеттери Украинадагы кырдаалдын курчушуна алып келет деп коркот жана анын кээ бир кадамдары ушул чоочулоодон улам жасалууда.

Дагы караңыз

Кривой Рогдо полиция кеңсесине урулган соккудан бир киши каза таптыКыргыз-өзбек чек арасы: Элдин ары-бери каттоосу жеңилдедиЫсык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилгенТажик банкирди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири абакта көз жумганы тууралуу маалымат айтылды