АКШ Украинага дагы 600 миллион доллар аскердик жардам берди

Украиналык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары Украинага дагы 600 миллион доллар аскердик жардам берди. Бул тууралуу маалымат Пентагондун расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, АКШ Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдууларды, артиллериялык ок-дарыларды жана башка жабдыктарды жиберет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 6-сентябрда Украинага болгон сапарында Вашингтон 1 миллиард долларга чейин жардам топтомун берерин айткан.

“Жалпысынан, орус агрессиясы башталгандан бери биз коопсуздукту камсыздоого 43 миллиард доллардан ашык каражат бөлдүк”, - деди Блинкен.

Ушул эле күнү АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 175 миллион доллар аскердик жардам бөлүнгөнүн жана биринчи жолу “Абрамс” танктары үчүн снаряддар да берилип жатканын кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Маданият министрлиги "Клооп" сайтындагы маалыматты өчүрүүнү талап кылдыТүркстанда беш жашар кыздын өлүмүнө айыпталган жаран өмүрүнүн аягына чейин кесилдиРоскомнадзор жарым жылда 885 миңден ашык сайтты бөгөттөдүМексика бойдон алдырууга салынган федералдык тыюуну жокко чыгардыТемир Сариев чек арадагы кезек үчүн Казакстанды сындады