Сирияда өзбек согушчандарынын лидерлеринин бири каза болду

Сириядагы аймактардын биринде өлкөнүн желеги илинип турган жер. Иллюстрация

Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы “Катибат аль-Имам аль-Бухари” эл аралык террордук уюмунун негиздөөчүсү Улугбек Бобомуродов Сириядагы согуштук аракеттердин биринде каза болгонун билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 51 жаштагы Бобомуродов 2009-2010-жылдары Термез шаарында жихадчылар жамаатын уюштуруп, аны жетектеген. 2011-жылы бул топтун мүчөлөрүнүн көбү камалган. Ал кезде Орусияда жашаган Бобомуродов жана топтун бир нече мүчөсү Түркияга качып кетип, андан ары Сирияга өтүшкөн.

Өзбек милициясы Улугбек Бобомуродов 2013-жылы Сирияда "Катибат аль-Имам аль-Бухари" террордук уюмун негиздегенин белгилейт. Ошол жылы ага Кылмыш-жаза кодексинин "Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык же башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу" деген беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

2018-жылы АКШ Сириядагы өзбек согушкерлеринен турган "Катибат аль-Имам аль-Бухари" тобун “дүйнөлүк террористтердин кара тизмесине” киргизген. Бул топту Кыргызстанда сот 2015-жылы экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салынган.

Дагы караңыз

Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды Иманалиев кетти, Бейшеналиев кайра министр: өкмөттөгү өзгөрүүлөрҮй жылытуу, көмүр көйгөйү. Өкмөт өкүлдөрү ЖКга чакырылды Бишкек: Ыш көйгөйү жана Кара-Кеченин көмүрү "Мыйзамды улам тебелей берүү мамлекеттүүлүккө доо кетирет"