Момбеков саясий ырларынын убайын кандай көрсө, азабын да ошондой тартканын айтат. Аны бир дагы бийлик жактырбай, артынан түшүп, сотко сүйрөгөн учурлар да болгон. “Азаттык” Сагынбек ырчынын саясаты, жашоосу жана чыгармачылыгы боюнча видео даярдады.
Сагынбек ырчы: Чындык өлдү дейсиңер... Койгулачы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тарта эркиндик, адилеттик, теңдик жөнүндө ырдап таанылган Сагынбек Момбеков 69 жашка чыкты. Ырчы “Сат, сат”, “Кайдыгерлик”, "Корком", "Дүйнө жалган", "Күрөштүн күнү" деген сыяктуу ырлары менен өлкөдөгү орошон окуялардын алдында жүргөн.