АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге келди

Энтони Блинкендин Украинада түшкөн сүрөтү. Архив.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге келгенин УНИАН агенттиги жана "Европейская правда" басылмасы 6-сентябрда маалымдады. Шаардын борборундагы көчөлөр жабылганы кабарланууда.

Блинкен Украинанын аймактарын минадан тазалоого катышкан атактуу ит - Патронду көргөнү, аны колуна алганы тууралуу видеону украиналык журналист Илья Пономаренко жарыялады.

Мамлекеттик департамент Блинкендин сапары тууралуу расмий жарыялаган эмес. Украиналык маалымат каражаттары АКШнын мамлекеттик катчысы келиши мүмкүндүгү тууралуу дүйшөмбү күнү кечинде жазышкан.

6-сентябрга караган түнү Украинанын баш калаасы жана Киев облусу Орусиянын ракеталык чабуулуна туш болду. Аба соккулары Блинкендин келишине бир нече саат калганда токтогонун "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Блинкен Украинага акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында келип кеткен.

Дагы караңыз

"Байыркыдан кат" - кийизге түшүрүлгөн баянОрусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынабы?“Кантишти экен досторум абактагы...”