Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арыз берилди

Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу 6-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Гуля Кожокулова билдирди.

"Азыр анын саламаттыгына байланыштуу маселе бар. Мадумаров бир камерада үч киши менен отурат, ага таза аба жетпей жатат. Ал саламаттыгына байланыштуу сейилдеп, жөө басып турушу керек", - деди ал.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атады. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Дагы караңыз

Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталдыПарламентте Байсаловду кызматтан алуу маселеси дагы көтөрүлдүБакировдун ордуна келген Рысбаев парламентте ант бердиГуля Кожокулова: “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция бойдон калат