Парламентте Байсаловду кызматтан алуу маселеси дагы көтөрүлдү

Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматы боюнча маселе дагы деле күн тартибинде турганын билдирди. Спикер 6-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазовго жооп берип жатып, Эдил Байсаловдун кызматына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президент менен да сүйлөшкөнүн айтты.

Мунун алдында Шайлообек Атазов буга чейин Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу үч фракция чечим кабыл алып президентке сунуштама бергенин, дагы деле жыйынтык чыкпай атканына нааразы болгон.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Ага Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. Ал июль айында “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин депутаттарынан кечирим сураган. (BTo)

Дагы караңыз

Бакировдун ордуна келген Рысбаев парламентте ант бердиГуля Кожокулова: “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция бойдон калатСохто такталган чек арага тосмо орнотуу боюнча район жетекчилери жолуктуШакиев Конституциялык соттун судьяларынын кызматтан кетишин талап кылдыБШК Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматты иликтөөдөКемпир-Абад иши: материал менен таанышууга кошумча убакыт берилди