Берлин Украинага Gepard зениттик системасы үчүн ок-дары бергенин 5-сентябрда Германиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Министр Борис Писториус немис өкмөтү Киевди артиллерия, ок-дары жана абадан коргонуу системалары менен камсыздоону уланта турганын айтты. Жетишилген макулдашуулардын алкагында Украина зениттик системалар үчүн 300 миң снаряд алат.
11-июлда НАТОнун Вильнюстагы саммитинде министр Писториус Германия Украинага 700 миллион евро өлчөмүндөгү аскерий жардамдын жаңы пакетин бөлгөнүн жарыялаган.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү курал-жабдык жактан жардам берип келет. Келишимге ылайык, Киев ал куралдарды коргонуу үчүн гана колдонууга тийиш.
Дагы караңыз
"Стратегиялык ката болгон". Армения Орусияга үмүт артканына өкүндүӨзбек өкмөтү көзү өткөн Шерали Жураевге сый көрсөттүОрусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынабы?