2022-жылдын февраль айынын соңунан бери Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн 100 миллиард доллардын тегерегинде аскердик жардам алды. Бул тууралуу Украинанын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Алексей Резников “Укринформ” маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.
Ал сөз курал-жарактар, техникалар, снаряддар жана ок-дарылар тууралуу болуп жатканын жана Украинага көрсөтүлгөн жардамдын 60 миллиард долларга жакыны Америка Кошмо Штаттарына туура келерин билдирди.
Киев Батыш өлкөлөрүнөн куралдын жаңы түрлөрүн, анын ичинде орто аралыкка учуучу ракеталарды жана учактарды сурап жатат.
Украинанын өнөктөштөрү берген аскердик жардам Орусиянын армиясынын бир жылдык чыгымынан эки эсе көп. Бул мамлекеттин аскердик бюджети болжол менен 43,5 миллиард долларды түзөт. (BTo)
Дагы караңыз
Зеленский коргоо министри кызматына Рустем Умаровду сунуштады Тажик банкирди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири абакта көз жумганы тууралуу маалымат айтылдыУкраинада олигарх Коломойский камалдыПашинян Орусияга ишенүү «стратегиялык ката» болгонун билдирдиБеслан курмандыктары эскерилүүдө