Одесса орусиялык учкучсуз учактардын жапырт чабуулуна кабылды

Украина. Архивдик сүрөт.

3-сентябрга караган түнү орусиялык аскерлер Украинанын түштүгүндөгү Одесса облусуна учкучсуз учактар менен жапырт чабуул жасаганын украин тарап билдирди. Жалпысынан чабуулга 25 "Шахед" учагы катышканы, алардын 22син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн башкы командачылыгы маалымдады.

Жээктеги порттордун биринин инфраструктурасы жабыркап, өрт чыкканы, ал дароо өчүрүлгөнү, эки жай тургун жараат алганы, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнү кабарланды.

Башка облустардын да жетекчилери өткөн түнү Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирип жатышат. Алардын айтымында, Херсон облусунда бир адамдын өмүрү кыйылды, алты адам жараат алды. Донецк облусунда эки адам каза болду, дагы эки адам жараат алды.

2022-жылдын 24-февралында кол салган Орусия соңку күндөрү Украинанын аймактарын күн сайын аткылоодо. Коргоо министрлиги аскердик гана объектилерди бутага алып жатканын айтып, миңдеген жай тургундардын өлүмүнө комментарий бербей келет. (RK)