УКМК ИИМдин Ички аскерлеринде 20 миллион сомдук жемкорлук аныкталганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринде ири жемкорлук фактысы аныкталганын бүгүн 1-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган мекемеде бюджеттик акчаны туура эмес максатта колдонушканы белгилүү болду.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп эсептелүүдө.

ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары аскердик жабдууну мамлекеттик сатып алуу ыкмасы менен сатып алганда жемкорлукка жол берген деп шектелүүдө.

Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп пайдасыз контракт түзүү” деген беренелери боюнча иш козголду.

ИИМ УКМКнын бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)