Орусия Кыргызстанда кура турган үч мектептин пайдубалын түптөө салтанаты өттү

Орусия Кыргызстандын ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында курууну көздөп жаткан тогуз мектептин үчөөнүн пайдубалын түптөө салтанаты бүгүн 1-сентябрда онлайн форматта уюштурулуп, ага эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин катышты.

Бишкекте, Баткенде жана Караколдо салынганы жаткан үч мектеп курула турган жерге чогулган администрация өкүлдөрү, куруучулар менен видео аркылуу байланышка чыккан президенттер эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү уланарын белгилешти.

Аталган мектептерде окутуу орус тилинде гана, эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөрү, каржылоону толугу бойдон орус тарап өзүнө алып жатканы, ачылышы эки жылдан кийин болору, ар бири 1 224 орунга эсептелип курулары, ичинде бассейни, заманбап жабдыгы болору айтылды.

Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандык жаштардын Орусияда билим алууга, орус тилин үйрөнүүгө кызыгуусу соңку жылдары артып жатканын айтты.

Өз кезегинде Владимир Путин тогуз мектептин курулушу төрт жылда аяктарын, жалпысынан 11 миң окуучулук орун ачыларын, бүтүрүүчүлөргө кыргызстандык жана орусиялык үлгүдөгү аттестат берилерин, мугалимдер Орусияда атайын даярдыктан өтүп келген адистер болорун кошучмалады.

Ошону менен катар ал Садыр Жапаровдун колдоосу жана жеке катышуусу менен Кыргызстанда “орус тилинин позициясын сактоого өтө чоң көңүл бурулуп жатканын”, “мындай уникалдуу абал Кыргызстан ортодогу мамилени өнүктүрүүгө чоң маани берерин айгинелеп турарын” белгиледи.

Кыргызстанда бүгүн 1-сентябрда кезектеги окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорттук зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде.

Өлкөдө орус тили расмий деген макамга ээ.

17-июлда “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

19-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай мыйзамдын кабыл алынышын сынга алган.

24-июлда Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Лавровдун билдирүүсүнө жооп берген. Ал жаңы мыйзам орус тилин “дискриминация кылбай турганын" белгилеген. (RK)