Казакстан быйыл мунай танкерлеринин санын жетиге жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу "КазМунайГаздын" башчысы Магзум Мирзагалиев билдирди.
Ал Тенгизден кара май алып Каспий деңизине чыкчу сегиз тонналык эки танкер алынганын тактады. Дагы 80 тонналык эки танкерди Кара деңизге чыгаруу пландалалып жатканын, келечекте алардын санын онго жеткирүү ниети барын кошумчалады.
Бул багытта "КазМунайГаз" Abu Dhabi Ports ишканасы менен кызматташууда.
31-августта Bloomberg басылмасы "КазМунайГаздын" бөлүмдөрүнүн бири Орусияны айланып өтүп деңизге чыгуу үчүн танкерлерди сатып алып жатканын жазган. Учурда Казакстан мунайынын 80 пайызын Евробиримдик менен Кытайга Орусиянын аймагынан өткөн куур менен жеткирет.
Казакстан мунайын Германия, Италия, Франция, Румынияга экспорттойт.
Дагы караңыз
Красноярскиде мигранттарга аскер комиссариаттарына чакыруу тапшырылдыИИМ аймактар аралык кастыкты козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти БУУ дан келишимин жандантуу боюнча Москвага сунуштарын жөнөттүКөкбөрүдөгү жаңжалдан улам 25 адам милицияда сурак берип жатат