Санкт-Петербургда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Санкт-Петербургдагы Кыргызстандын башкы консулдугу.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 1-сентябрда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Башкы консулдук Орусия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды. Анын аймагына Санкт-Петербург шаарынан сырткары Карелия жана Коми республикалары, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород жана Псков облустары кирет. Бул консулдук округда жүргөн кыргызстандык жарандар консулдук кызматтын бардык түрүнө байланыштуу кайрыла алат",-деп жазылган маалыматта.

ТИМ башкы консул кызматына ким көрсөтулгөнүн тактаган жок.

Буга чейин Казань шаарында дагы Кыргызстандын башкы консулдугун ачуу каралып жатканы маалымдалган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Буга чейин Жогорку Кеңеште элчиликте мигранттарга керектүү жардам көрсөткөн кызматкерлер жана юристтер жетишпей жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети кайра ачылдыИИМ аймактар аралык кастыкты козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти Көкбөрүдөгү жаңжалдан улам 25 адам милицияда сурак берип жататЖапаров менен Путин мектептердин курулушун баштоого онлайн катышат Бишкекте коррупцияга шек саналган дагы бир мектеп директору камалды Президент Жапаров мамлекеттин келечегин көрө билерин билдирди Көкбөрүдөгү чыр: бир киши ооруканага жаткырылды, алты адам жабыркадыСадыр Жапаров Ороктогу стадион өкмөттүн акчасына салынарын айттыБУУ дан келишимин жандантуу боюнча Москвага сунуштарын жөнөттү

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети кайра ачылдыИИМ аймактар аралык кастыкты козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти Жапаров менен Путин мектептердин курулушун баштоого онлайн катышат Көкбөрүдөгү жаңжалдан улам 25 адам милицияда сурак берип жататБишкекте коррупцияга шек саналган дагы бир мектеп директору камалды Президент Жапаров мамлекеттин келечегин көрө билерин билдирди Садыр Жапаров Ороктогу стадион өкмөттүн акчасына салынарын айттыБУУ дан келишимин жандантуу боюнча Москвага сунуштарын жөнөттү