ИИМ адам өлтүрүүгө шектелген үч казакстандык кармалганын билдирди

ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип, Кыргызстанда жашынып жүргөн үч казак жараны кармалганын 1-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда алардын бири 2000-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран адам өлтүрүүгө айыпталып, эл аралык издөөгө алынган. Былтыр 25-сентябрда Жамбыл облусунун Шу райондук ооруканасына ок тийип, жараат алган төрт адам түшүп, алардын бири жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Бул кылмышка тиешеси бар шектүүлөр кармалып, бирок Ш.М. качып кеткен.

21-августта Бишкекте адамдын жүзүнөн тааный турган камералар анын Кыргызстанда жүргөнүн аныктап, милиция кызматкерлери шектүүнү соода борборлорунун биринен кармашкан. Ошол эле күнү аны экпертизадан өткөрүүгө алып барышканда, казакстандык жаран дагы качып кеткен.

29-августта Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Интерпол менен бирге иш алып барып, шектүүнү Туңгуч кичи районунан кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Ушул эле күнү Астана шаарындагы кафелерди биринде бир адамды бычактап, Бишкекте жашынып жүргөн дагы бир казакстандык кармалган. Бычакталган 1995-жылы туулган жаран ооруканада каза болуп, бул боюнча Казакстандын милициясы “ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, кокустуктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” беренеси менен иш козгогон.

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкекте жашынып жүргөн жаранды Кыргызстан менен Казакстандын милиция кызматкерлери Жал кичи районунан кармашкан.

ИИМ июль айында Казакстандын Алматы шаарында 28 жаштагы фитнес машыктыруучу Дамир Туребаевди атып өлтүрүүгө шектүү жаран да Бишкектен кармалганын билдирди. 1992-жылы туулган алматылык жаран июль айынын соңунда Бишкектеги мейманканалардын биринен колго түшкөн.

ИИМ июнь айында Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган камераларды ишке киргизген. Алгачкы он күндө Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигине мүчө (КМШ) өлкөлөрдө мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам сырткы ушул видео көзөмөл системасы аркылуу аныкталып, милицияга жеткирилгенин билдирген.

Дагы караңыз

Көкбөрүдөгү жаңжалдан улам 25 адам милицияда сурак берип жататЖапаров менен Путин мектептердин курулушун баштоого онлайн катышат Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин ишин расмий баштады Бишкекте коррупцияга шек саналган дагы бир мектеп директору камалды