Түштүк Африка Республикасынын баш калаасы Йоханнесбургда үй-жайсыздар ээлеп алган көп кабатуу имаратта чыккан өрт кеминде 63 адамдын өмүрүн алды.
Бул тууралуу 31-августта Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Маалымат катчы Роберт Мулаудзи билдиргендей, таң сүрүп калганда тутанган өрттөн 40тан ашуун киши жаракат алды. Ал набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти.
Каза болгондордун арасында бир бала бар экени кабарланды.
Маалыматка караганда, борбордогу бош турган көп кабатуу имаратка үй-жайсыздар мыйзамсыз эле кирип алышкан. Ал жакта 200дөй адам жашашы мүмкүн экени айтылууда.
Азырынча тилсиз жоонун чыгышына эмне себеп болгону тактала элек.
Дагы караңыз
Акыйкатчы адам укуктарын сактоо ыйык парз экенин айтты Ошто Насирдин Исановдун айкели ачылдыПрезидент Жапаров Эгемендик күнү менен куттуктады