30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 3:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары утту.
Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты.
Президент Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында “Барселонанын” мурдагы футболчуларына каршы ойноду.
29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган.
Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.
30-августта Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды. (BTo)
Дагы караңыз
Өзбекстандан АКШга адам ташыган аткезчи түйүн аныкталдыОрусияда согушка каршы пост жазган активист Смирнова алты жылга кесилдиКыргыз эл артисти Сталбек Бактыгулов дүйнө салдыТажикстандагы селдин курмандыктары 21 кишиге жетти