Быйыл 150 миңге чукул окуучу 1-класска барат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан боюнча быйыл 1-класска 150 миңдей бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик 1-класска электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан бул сан өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти. Мекеменин билдиришинче, эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө же башкармалыгына кайрылышы керек.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 2023-жылы 11-апрелде башталган жана 31-августта аяктайт.

Республика боюнча 2350дөн ашуун мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим бар.

1-сентябрга карата жаңы курулган 42 мектеп, төрт спорт залы колдонууга берилет.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирген. Министр 30-августта "Биринчи радиого" курган маегинде информатика, англис тили сабактарынан берген мугалимдер керек экенин, быйыл жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине тапшыргандардын саны көбөйгөнүн айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия дрондордун жапырт соккусуна кабылдыПрезидент "Барселона" академиясынын курулушуна капсула салдыДания Куранды өрттөөнү мыйзамсыз деп тааныган мыйзам долбоорун сунуш кылдыБакиров добуш сатып алуу иши боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду