Германиянын федералдык соту орус жана немис жарандыгы бар Валдемар В. аттуу кишини камакка алуу ордерин чыгарды. Электрондук тетиктерди жасоого жана соода кылууга адистешкен фирманын ээси 2020-2023-жылдары Орусиянын коргонуу тармагындагы ишканаларын өз продукциясы менен камсыздап, тышкы экономикалык байланыштар тууралуу мыйзамды бузган деп айыпталууда.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, тетиктер "Орлан 10" деген учкучсуз учактарды чыгаруу үчүн пайдаланылган.
Айыпталып жаткан адамдын фирмасы электрондук тетиктерди үчүнчү өлкөлөрдөн Германияга импорттоп, андан ары орусиялык эки ортомчуларга жөнөтүлүп турган. Алар аркылуу коргонуу тармагындагы ишканаларга жеткирилген. Москва Украинага кол салгандан бери экспорт Дубай жана Литва аркылуу жүргүзүлүп турганы аныкталган. Чыгарылган техниканын жалпы баасы 714 миң еврону түзгөн.
АКШ жана Батыш бир катар өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азиядагы мамлекеттер Орусияны кош максатта колдонула турган товарлар менен камсыздап жатат деп шек санайт.
Соңку маалыматтар боюнча дрон чыгаруу үчүн пайдаланылган тетиктердин 70% Орусияга Кытайдан барат. Түркияга 5%, Араб Эмираттарына 2% туура келет.
Дагы караңыз
Ооганстандын сабагы: коопсуздук, аял укугу, жакырчылыкЖалал-Абадда Жапаровдун атасынын аты коюлган ислам борбору ачылды Мирзиёев кызы Саиданы такка даярдап жатабы? БУУ: Украинадагы согушта 9 миң 511 карапайым киши каза тапты