Кокшетау шаарындагы аскер бөлүгүндө ооруп калган аскерлердин саны 49 кишиге жетти. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук гвардиясынын "Орталык" командачылыгы маалымдаганын кабар агенттиктери жазышты.
23-августтан бери 49 жоокер "дем алуу органдарынын курч инфекциясы" деген диагноз менен ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен беш жоокерден менингококк инфекциясы аныкталды, төртөө энтеровирус инфекциясына кабылганы белгилүү болду.
"Азаттыктын" казак редакциясы жазгандай, оорукана кызматкерлери бейтаптардын дене табы көтөрүлүп, бирөөнүн жүрөгү бир нече секундага токтоп калганын айтып беришкен. Азыр анын абалы жакшы деп кабарланды.
Дарыгерлердин айтымында, жылдын ушул маалына мүнөздүү инфекция казармада тез жайылып кеткен болушу мүмкүн.
Улуттук гвардия аскерлерди дарылоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын, вирусту жаңы жугузуп алгандар катталбаганын, кызматтык териштирүү башталганын билдирди.
Дагы караңыз
Иранда нааразылык акцияларын колдогон 10 профессор иштен алынды1-сентябрдан тартып кыргыз-өзбек чек арасынан ID менен өтүүгө уруксат берилет Украинанын чыгышында кеминде беш карапайым киши каза тапты