Иранда нааразылык акцияларын колдогон 10 профессор иштен алынды

Тегерандагы Медицина университетинин студенттери ачкачылык кармап жатышат. 23-июль 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Ирандын бийлиги нааразылык акцияларын колдогон 10 профессорду жумуштан алды. Социалдык тармактардагы маалыматка караганда, Тегерандагы Малламех университетинин окутуучулары Хамиде Кадеми жана Аменех Аалиге телефондон чалып, алар ээлеген кызматтарынан бошотулганын айтышкан.

Ирандагы Студенттердин гильдиясы Тегеран университетини Адабият факкультетинде жети профессор иштеринен кетирлигенин кабарлады.

Жогорку окуу жайлар жана студенттер Ирандагы саясий жана социалдык эркиндиктер үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турат.

1999-жылы окуучулар реформачылардын гезитинин жабылышына каршы чыкканда тутанган нааразылык акциялары учурунда жатаканаларда рейддер жүрүп, бир студент каза тапкан.

Былтыр сентябрда хижаб кийбей жүрөт деп кармалган Махса Амини абакта каза болгондон кийин башталган толкундоолор маалында кампустар күрөштүн очогуна айланган.

Студенттердин лидерлери, активисттер кармалып, окуудан чыгарылган, түрмөгө кесилген, өлүм жазасына тартылган учурлар көп.

Студенттердин интернеттеги каналы маалымдагандай, жогоруда айтылган эки профессор - Хамиде Кадеми жана Аменех Аали куугунтуктоолорго каршы чыгып, кармалган студенттерге колдоосун билдирип келген.

Активисттердин HRANA кабар агенттиги соңку нааразылык акцияларында 700 студент камалганын билдирди.

Дагы караңыз

1-сентябрдан тартып кыргыз-өзбек чек арасынан ID менен өтүүгө уруксат берилет Украинанын чыгышында кеминде беш карапайым киши каза тапты Түндүк-түштүк кошумча жолундагы "Көк-Арт" тоннели казылып бүттү CPJ кыргыз бийлигин "Клоопту" жоюу арызын кайтарып алууга чакырды