Францияда мектепте мусулман аялдардын көйнөгү - абаяга тыюу салынат

Парижде өткөн эл аралык мода көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн мусулмандардын кийими-абаялар. 25-июнь, 2009-жыл. Архивдеги сүрөт.

Франциянын бийлиги мамлекеттик мектептерде мусулман кыз-келиндер кийген узун, кенен чапан-көйнөк - абаяга тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу француз билим берүү министри Габриэл Атталь 27-августта билдирди.

«Класска киргенде окуучуларды карап, алардын кийиминен диний ишенимдерин аныктай албагандай болуш керек», - деп айткан буга чейин Атталь.

Мындай чечим абаяга байланыштуу бир нече айга созулган талаш-тартыштан кийин кабыл алынды. Өзгөчө оңчулдар жана ашынган оңчулдар мектептерде бул кийимди кийүүгө тыюу салынышын талап кылып келишкен.

Буга чейин Францияда мектепте хижаб кийүүгө тыюу салынган.

Оппозициядагы солчул, "Багынбас Франция" партиясынын өкүлдөрү муну "Баш мыйзамга каршы келген кадам" катары сынга алды.

Бул - жакында эле министр болуп дайындалган 34 жаштагы Габриэл Атталь кабыл алган алгачкы олуттуу чечим.

Дагы караңыз

"Медуза": Кремль шайлоодогу Путиндин ыктымал атаандаштарын аныктадыБишкекте эхинококкоз оорусуна каршы эл аралык жыйын өтүп жататКараколдо мурдагы жубайлардын өлүмү иликтенүүдө