Бишкекте эхинококкоз оорусуна каршы эл аралык жыйын өтүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

28-августта Бишкекте эхинококкоз оорусуна каршы кызматташтыкты талкуулаган эл аралык жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жыйынга жыйырмадан ашуун өлкөдөн жана уюмдан келген өкүлдөр, адистер катышып, бул ооруну алдын алуунун, ага каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын, жалпы эпидемиологиялык абалды талкуулап, тажрыйба алмашып жатышат:

“Бул конгресстин негизинде илимпоздордун гана арасында эмес, практикалык медицинадан да келген дарыгерлер, адистер тажрыйба алып кетебиз деген үмүттөбүз. Максат – бардык мамлекеттердеги ушул көйгөйдү чогуу жеңүү”, - деп билдирди паразитолог дарыгер Жумагүл Усубалиева.

Адистин айтымында, Кыргызстанда бир жылда 1000ге жакын адам эхинококкоз оорусунан операция жолу менен дарыланат, алардын 12-15% 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Соңку 10 жыл ичинде Кыргызстанда эхинококкоз болгондор 1,3 эсе көбөйгөнү буга чейин маалымдалган. Жыл сайын өлкөдө бул илдеттин ыйлаакча сымал түрүнө кабылган миңдей, альвеола түрүнө чалдыккан эки жүздөй бейтап катталууда.

Эхинококкоз адамга жаныбарлардан жуулбаган жер жемиш аркылуу жугат. Андан хирургиялык операция жолу менен гана арылууга болот, бирок бейтаптардын 35% өлүмгө учурап келет.

Дүйнөдө бул ооруга жыл сайын жарым миллионго жакын адам чалдыгууда. (RK)

Дагы караңыз

УКМК ири ресторандарга ээлик кылган мурдагы айыл өкмөт кармалганын билдирдиАба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнОрусия: "Сахарово" борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып туратКара-Тегиндеги өзгөргөн жер-суу аталыштары: жер тагдыры – эл тагдыры