27-августта Австралиянын жээгинде Osprey V-22 учагы кулап, АКШнын деңиз аскерлеринин кеминде үч жоокери каза тапты. Окуя АКШ менен Австралиянын биргелешкен машыгуулары учурунда болду.
"Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Мелвилл аралына жакын жерде, жээктен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аймакта чукул куткаруу иштери уланууда.
Америкалык аскер кызматкерлери учакта 23 жоокер болгонун билдиришти.
Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе жана коргоо министри Ричард Марлес АКШ аскерлерине көңүл айтты.
Бул үлгүдөгү учак 2000-жылдан бери бир канча жолу кулаган. 2022-жылы Норвегияда НАТОнун машыгуусунда төрт аскери каза тапкан.
Дагы караңыз
Херсондогу чабуулда бир адам каза тапканы такталдыЖурналисттик иликтөө, Конев менен Рустам Жапаровдун байланышы Румыниядагы жарылууда бир адам өлүп, ондогон киши жараат алдыБишкекте "Бизди бириктирген Манас" деп аталган иш-чара өттү