Кара деңизде аннексияланган Крым менен Одессанын ортосундагы стратегиялык маанилүү газ жана мунай платформалары үчүн Украина менен Орусиянын деңиз жана аба күчтөрү салгылашып жатат. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо маалыматтарына таянуу менен билдирди.
Орус күчтөрү 2014-жылы Крымды аннексиялап, "Черноморенефтегазды" басып алган. Британ министрлигинин Твиттерге жарыяланган маалыматына ылайык, өткөн аптада Орусиянын согуштук учагы деңиздин түндүк-батышында Украинанын аскердик кемесин аткылаган. Украина орустар көзөмөлдөгөн платформаларга сокку урган.
Британ тарап платформаларда баалуу көмүр суутек ресурстары бар экенин белгилейт.
Украин аскерлеринин Орусия ээлеп алган "Черноморенефтегаздын" бургулоо жабдууларына чабуул коюп келатканы былтыр июндан бери айтылат.
Дагы караңыз
Орусиянын Курск шаарындагы көп кабаттуу үйгө дрон куладыНарында "вагнерчи" деп шек саналган жарандын соту башталат Кыргызстанга палестин тышкы иштер министри расмий сапар менен келет