Орусиянын Курск шаарындагы көп кабаттуу үйгө дрон кулады

Иллюстрация

Орусиянын Курск шаарында дрон көп кабаттуу турак жайдын үстүнө кулап түштү. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Курск облусунун губернатору Роман Старовойт билдиргендей, окуя жекшембиге караган түнү болду. Турак жайдын бир нече кабатындагы жана ага жакын айыл чарба университетинин имаратынын айнектери талкаланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 27-августка караган түнү абадан коргонуу системалары Брянск жана Курск облустарынын аймагында эки дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Бирок бул маалыматтын Курск шаарындагы үйлөрдүн бирине кулаган дронго байланышы бар же жогу айтылбады.

Орусиянын Украина менен чектеш аймактары - Белгород, Брянск жана Курск облустары акыркы кезде такай чабуулга кабылууда. Москва муну Киевден көрөт. Украин тарап бул окуяларга комментарий бербейт.

Украинада болсо 27-августка караган түнү жапырт абадан эскертүү жарыяланды. Армия Орусиянын төрт канаттуу ракетасын жок кылганын билдирди. Москванын ракета чабуулунан эки украин аскери жараат алды.