Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Испаниянын футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалести кызматынан убактылуу четтетти. Буга анын Испаниянын курама тобундагы чабуулчу айым Жениффер Эрмосону оозунан өпкөнүнө байланыштуу иликтөө башталганы негиз болду.
ФИФА Рубиалеске Эрмосо жана анын жакындары менен байланышпоону, аракет дагы жасабоону эскертти. Ушундай эле эскертүүнү испаниялык футбол федерациясынын жооптуу кызматкерлерине дагы берди.
“ФИФА бардык адамдардын кол тийбестигине сый мамиле жасарын бекемдейт жана ага каршы келген жүрүм-турумдун баарын чечкиндүү түрдө айыптайт”,- деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Рубиалес Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин сүйүнгөнүнө чыдабай Эрмосону оозунан өөп алган. Буга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, өкмөттө анын жосунсуз жоругу үчүн кызматтан кетирүү талабы көтөрүлгөн.
Луис Рубиалестин бул кылыгын Испаниянын премьер-министри Педро Санчес дагы айыптап, аны "жол берилгис ишарат" деп атаган.
Рубиалес кечирим сураганы менин кызматынан кетүүдөн караманча каршы баш тартып жаткан.
33 жаштагы футболчу айым аны өпкөнгө уруксат бербегенин, Рубиалестин аракети "жакпаганын" билдирген.
20-августта өткөн аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон.
Дагы караңыз
RFА: Шинжаңда казак тектүү жаран куран окуганы үчүн камалдыКыргызстанга палестин тышкы иштер министри расмий сапар менен келетЖитомир: машыгуу учурунда эки учак кагылышып, үч учкуч мерт болдуПрезидент Жапаров Конев менен уулу кандайча тааныш экенин айтты Садыр Жапаров “Барселона” академиясы жөнүндө иликтөөгө жооп бердиБШК Өмүрбек Бакировдун депутаттык каттоосун, күбөлүгүн жокко чыгарды Хабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргыз жаранынын абалы оор