Украинанын Житомир облусунда машыгуу маалында L-19 үлгүсүндөгү эки согуштук учак кагылышып, үч учкуч набыт болду. Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү окуя 25-августта болгонун кабарлады.
“Житомир облусунда өтө жаман авиакырсык тууралуу кайгыруу менен кабарлайбыз. Машыгуу маалында согуштук тапшырманы аткарууда L-19 үлгүсүндөгү эки аскердик учак кагылышты. Тилекке каршы үч учкуч тең мерт болду. Иликтөө уланып жатат”.
Аскердик мекеме набыт болгондордун арасында “Джус” деген каймана ат менен таанымал тактикалык авиациянын 40-бригадасынын атактуу учкучу Андрей Пильщиков дагы бар экенин бышыктады. Буга чейин анын мерт болгонун таанышы Павел Поцелуев айтып чыккан эле.
Пильщиков Миг-29 кыргын салуучу учакты башкарчу жана Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киевди абадан коргоо операцияларына катышып келген.
Ал украиналык жана чет өлкөлүк журналисттерге бир канча жолу маек берип, Батыш өлкөлөрүн Украинага заманбап согуштук учактарды берүүгө чакырган.
Кырсыктын жагдайын Иликтөөлөрдүн мамлекеттик бюросу териштире баштады. Мекеме учактардын техникалык абалына жана учууга даярдык көрүү эрежелеринин сакталышына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Дагы караңыз
Президент Жапаров Конев менен уулу кандайча тааныш экенин айтты Садыр Жапаров “Барселона” академиясы жөнүндө иликтөөгө жооп бердиРобин Орд-Смиттин сөөгүнүн күлү Сарычат-Ээрташ коругуна чачылдыБШК Өмүрбек Бакировдун депутаттык каттоосун, күбөлүгүн жокко чыгарды Чукул кабар: Нарында үшүк жүрөт, тоолуу аймактарда жаан карга айланатХабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргыз жаранынын абалы оор