Робин Орд-Смиттин сөөгүнүн күлү Сарычат-Ээрташ коругуна чачылды

Робин Орд-Смит былтыр сентябрда 57 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы, маркум Робин Орд-Смит калтырган керээзинин негизинде анын сөөгүнүн күлү Ысык-Көлдөгү Сарычат-Ээрташ коругуна чачылды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Маалыматка караганда, Робин Орд-Смит ак илбирс, улар байырлаган бул аймакка көз жумарына төрт ай калганда барган жана жаратылышка аябай суктанган.

Ал былтыр сентябрда 57 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган.

Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы элчиси болгон.

Дагы караңыз

Харьковдо Орусиянын чабуулунда эки адам мерт болуп, бирөө жараат алды Белгород: Гладков Киевди кассеталык ок-дары колдонууга айыптады БШК Өмүрбек Бакировдун депутаттык каттоосун, күбөлүгүн жокко чыгарды Чукул кабар: Нарында үшүк жүрөт, тоолуу аймактарда жаан карга айланатХабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргыз жаранынын абалы оор Токаев казак-кыргыз чек арасындагы жагдайды жөнгө салууну тапшырдыКызыл-Кыяда жолбун ит капкан сегиз адам ооруканага жаткырылды