Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 25-августта жолбун ит каап алган сегиз адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
“Аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалды. Инфекциянын жайылышынын алдын алуу үчүн эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда”,-деп жазылган маалыматта.
Министрликтин кабарлашынча, адамдарга кол салган ит табылып, жок кылынды. Текшерүү үчүн Баткендеги ветеринардык лабораторияга патологиялык материал (иттин мээси) жөнөтүлдү.
Жолбун ит андан сырткары үч бодо малга дагы тиш салганы аныкталган. Министрлик бодо мал он күндүк байкоого алынарын билдирди.
Адамдарга кутурма оорусу дээрлик 99% учурда иттен (каап алганда шилекейи аркылуу) жугат. Илдетти башка жаныбарлар дагы жайылткан көрүнүштөр кездешет. Адистер ит тиштегенде сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертишет.