Даниянын өкмөтү диний китептерди, анын ичинде Куранды, Библияны жана башкаларды өрттөөгө тыюу салган мыйзамды сунуштоону көздөп жатат. Ага ылайык, диний китептерди өрттөгөндөргө кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бул тууралуу 25-августта юстиция министри Петер Хуммельгорд билдирди. Ал Куранды өрттөө акцияларын "чет жакта жана өлкө ичинде даниялыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мазактоо актысы" деп атады.
Учурда коңшу Швециянын бийлиги да ушуга окшош чара киргизүүнү караштырып жатат.
Июнь-июль айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Буга байланыштуу ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык митингдери өтүп, Швеция менен дипломатиялык алаканы үзүү боюнча чакырыктар жаңырган.
Кыргызстан бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга үндөгөн.
Көп өтпөй Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырып жатканын билдирген.
Дагы караңыз
Кремль Пригожиндин учагынын кулашына тиешеси жок экенин билдирдиЫсык-Көл жана Панфилов райондоруна жаңы акимдер дайындалды"Азаттык" көрсөткөн Кырчын айылы интернет менен камсыз болдуБажы кызматы: Кыргызстанда кармалган контрафакт товар Орусияда даярдалган