Кыргызстандын Бажы кызматы Улуттук коопсуздук комитети жана Орусиянын күч түзүмдөрү менен бирге контрафакт тамеки жасаган трансулуттук кылмыштуу топ аныкталганын кабарлады.
Бажы кызматынын кабарлашынча, өлкөдө табылган контрафакт товар Орусияда өндүрүлөрү аныкталган. Ал жерден сегиз тоннага тамекини таңгактоо үчүн басма продукциялары алынган. Учурда уюштуруучуларына кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Контрафакт – бул белгилүү бренд менен чыккан товардын жасалма үлгүсү.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, белгилүү фирманын уруксаты жок анын товарынын үлгүсүн чыгарууга тыюу салынган. Бирок, Кыргызстанда соода жаатындагы эксперттер Бишкекте белгилүү бренддердин этикеткаларын саткан атайын ири базар бар экенин айтып жүрүшөт. (TSh)
Дагы караңыз
Кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосунов №27 абакка которулду