Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек

Кыргыз-казак чек арасы. 2023-жылдын 24-августу.

Казакстан тарапка өтө албай кыргыз-казак чек арасында тыгында турган оор жүк ташуучу машиналар боюнча абал өзгөрө электигин бүгүн 25-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин өкүлү Сажира Чоколоева "Азаттыкка" маалымдагандай, автоунаалардын узун кезеги былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсе көп болуп жатат:

"Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги байкалууда. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында 353, "Чалдыбарда" 88, "Кең-Булуңда" 38, ал эми "Чоң-Капкада" 82 автоунаа турган. Белгилей кетсек, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок, чек арачылар кадимки тартипте иштеп жатат".

Казакстан Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды териштирүү үчүн түзүлгөн байкоо тобунун расмий кайрылуусуна жооп бере электигин 25-августта "Азаттыкка" аталган топтун төрагасы, ЕЭКтин министри Арызбек Кожошев билдирген.

Ал 24-августка караган түнү чек арадан 250, 25-августтун түнүндө болсо 230 автоунаа өткөрүлгөнүн, бирок дагы эле кезек күткөндөр азайбаганын кошумчалаган.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги чек ара өткөрмө бекетиндеги кезек күтүү 20-августта башталганын билдирип, бул абалга казак тарапты "ЕАЭБдин принциптерин сактабай жатат" деп айыптаган.

24-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 12:00гө карата маалымат бергендей, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, мунун ичинен “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73 болгон. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп жатканын белгилеген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдаган. (KS)

Дагы караңыз

Өзбекстан СССР доорунда басмачылыкка айыпталган 240 кишини актадыМедиа коомчулуктун өкүлдөрү Олжобай Шакирдин камалышы боюнча бийликке кайрылдыКыргыз-казак чек арасы: кырдаал өзгөргөн жок Ооганстанда YouTube жылдызынын өлүмүнө шек саналгандар кармалды