1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга ID паспорт менен кире алат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 1-сентябрдан тарта эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан ID паспорт менен өтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 25-августта билдирди.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда карап, жактырган. Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл төрт айда Өзбекстандан Кыргызстанга 1 млн 618 миң киши кирип, Кыргызстандан ал өлкөгө 1 млн 574 миң 732 киши чыкканын билдирген.

Эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимдин мөөнөтү 60 күн, кирген жаран 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттери да ачылган

Дагы караңыз

Дональд Трамп камалып, күрөөгө бошотулдуУкраин учкучтарын АКШда окутуу октябрда башталат УКМК Олжобай Шакирдин кылмыш иши жөнүндө маалымат тараттыЕвропарламенттин мүчөсү Орусияга каршы санкцияларды аткарбоонун кесепетин эскертти