Украин учкучтарын АКШда окутуу октябрда башталат

F-16 учагы.

Украиналык учкучтар жана техникалык кызматкерлер жакынкы арада америкалык F-16 кыргын салуучу учактарын башкарууга АКШнын аймагында даярдык көрө башташарын 24-августта Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Пэт Райдер билдирди. Анын айтымында, машыгуу октябрь айынын алгачкы күндөрүндө Аризона штатында башталат.

Ал эми украин аскерлерин англис тилине үйрөтүү сентябрь айында башталганы жатат.

Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, украин учкучтарын америкалык F-16 кыргын салуучу учагын башкарууга даярдай турган эл аралык коалицияга Португалия да кошулуп, ага мүчө өлкөлөрдүн саны 13кө жетти.

Былтыр февралда Орусиянын агрессиясына кабылган Украина өнөктөштөрүнөн абадан коргонуу системасын күчтөндүрүүгө, аскердик учактар менен камсыздоого жардам сурап келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

УКМК Олжобай Шакирдин кылмыш иши жөнүндө маалымат тараттыПутин Пригожин "таланттуу ишкер болгонун" айтты Макаллистер: ЕБ Кыргызстан адам укуктарын, сөз эркиндигин сактарына үмүттөнөтЖапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты