АКШда Республикачылардын алгачкы дебаты Трампсыз өттү

АКШнын мурдагы вице-президенти Майк Пенс, Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис, ишкер Вивек Рамасвами, Түштүк Каролинанын экс-губернатору Никки Хейли жана АКШ сенатору Тим Скотт Республикачылардын алгачкы ички дебатынын башталышында. 23-август, 2023-жыл. Висконсин.

Кошмо Штаттарда 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого аттанууга ниеттенген республикачылардын алгачкы ички дебаты өттү.

23-августта Висконсин штатынын Милуоки шаарында өткөн дебатка Республикачылар партиясынан президенттикке ат салышууну көздөгөн сегиз үмүткөр катышты.

Мурдагы президент, учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Дональд Трамп дебатка катышуудан баш тарты. Ал муну "ансыз деле атаандаштарынан кыйла алдыда экени" менен түшүндүрдү.

"Коомчулук ансыз деле менин ким экенимди жана президенттик мөөнөтүм кандай ийгиликтүү болгонун билет. Ошондуктан дебаттарга катышпайм", - деп жазган Трамп өзүнүн Truth социалдык түйүнүндө.

Көрүүчүлөрдү алаксытууга багытталган Трамптын алдын-ала жаздырылган эки сааттык маеги дебат башталар алдында көрсөтүлдү.

Сурамжылоолорго ылайык, республикачылардын арасынан Трамп алдыда келатат. Анын эң башкы атаандашы деп саналып жаткан Рон Десантис Трамптан 46% артта калууда.

Эки саатка созулган дебатта республикачылардын талапкерлери бири-биринин кемчиликтерин белгилөөгө аракет жасашты.

Республикачылардын шайлоого катыша турган талапкери беш айдан кийин белгилүү болот.

Дагы караңыз

Ошто кош бойлуу аял күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы баласынан айрылдыЭкономика министрлиги чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптадыReuters: Москва санкциядан буйтап, тажик компаниялары аркылуу учак тетиктерин алган