Экономикасы өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бирикмеси - БРИКС уюму Иранды, Аргентинаны, Египетти, Эфиопияны, Сауд Арабияны жана Бириккен Араб Эмираттарын кошуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса 23-августта билдирди.
Блокту кеңейтүү боюнча талкуулар Йоханнесбургда бейшембиде жыйынтыкталган үч күндүк саммитте жүрдү.
Уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери блоктун кеңейишине макул болгону менен, алардын арасында чакыруу мөөнөтү боюнча талаш-тартыштар жаралган эле.
БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa).
БРИКС бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 40% көбүн жана глобалдуу ички дүң өндүрүмдүн 22,5% түзөт.
Жаңы талапкерлер уюмга 2024-жылдын 1-январынан тарта мүчө болушат.
Дагы караңыз
Жапония "Фукусима-1" АЭСинен чыккан сууну океанга төгө баштадыЧек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы акыркы абал боюнча маалымат бердиПрезидент Жапаров казак акынына аргымак тартуулаганы боюнча түшүндүрмө берди