Украин күчтөрү Запорожьедеги бир айылды бошотконун билдирди

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-бригадасынын аскерлери Запорожье облусундагы бир нече айдан бери катуу кармаш жүрүп жаткан Работино айылын бошотконун Телеграм-каналына жазды. Алар жарыялаган сүрөттөрдүн биринде украин туусу талкаланган мектептин имаратына илингенин көрүүгө болот.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 47-бригаданын аскерлери согушуу үчүн айылдын аймагына киргенин жарыялады, бирок кыштактын толук алынганы боюнча расмий билдирген жок.

Работинону орус аскерлери 2022-жылы марттан бери ээлеп турган. Бул чакан айылдын аянты болгону үч чарчы чакырымды түзөт. Расмий маалымат боюнча согушка чейин бул жерде 500 адам жашап келген. Бирок согуш эксперттери орус армиясынын ири логистикалык хабы жайгашкан Токмакка бараткан жолду көзөмөлдөө үчүн бул кыштактын алынышы маанилүү экенин айтышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Работинанын украин аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү боюнча маалыматка комментарий бере элек. Бир катар орусиялык Телеграм-каналдар орус күчтөрү бул айылды колдон чыгарганын ырастап жатышат.

Дагы караңыз

Росавиация "Вагнердин" башчысы Пригожин түшкөн учак кыйраганын билдирдиОрусиялык Ми-8 тик учагы Украинага кондуАдвокат: Олжобай Шакирге бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлду Индиянын "Чандраян-3" космос аппараты Айдын түштүк уюлуна конду