Грекиянын токойлорундагы өрт коңшу Түркияга да жайылып, Чанаккале аймагындагы тогуз айылдын 1200 тургуну эвакуацияланганы кабарланды.
"Азаттыктын" азери кызматы жазгандай, 1500 гектардан ашуун токой күйүп, 48 адам түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылган.
Эгей жана Мармара деңиздериндеги токойлордогу өрттүн айынан кемелердин кыймылы да токтотулганы айтылууда.
Бир күн мурда Грекияда өрт өчүрүүчүлөр 18 адамдын күйгөн сөөгүн табышкан. Алар Түркиядан Грекияга өтүүнү көздөгөн мигранттар болушу мүмкүндүгү болжолдонгон.
2023-жылы рекорддук ысыктан улам ири токой өрттөрү Грекия, Испания, Португалия жана башка Европа өлкөлөрүндө да катталган. Канадада өрттүн айынан он миңдеген жергиликтүү тургун эвакуация болду. Жыл башынан бери Орусияда дээрлик 4,3 миллион гектар жер өрттөндү.
Дагы караңыз
Жазуучу Олжобай Шакир УКМКда экени кабарланды Орусиялык блогердин билдирүүсү. Кыргыз жарандыгын алгандарды ачыкка чыгаруу талабы Гавайидеги өрттөн кийин миңден ашуун киши дайынсыз жоголду